Улуттук нарк – улут уңгусу

“2022–2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыктын алкагында  УИТМЛдин 7-класстарынын арасында «Улуттук нарк – улут уңгусу» аталышындагы конкурс болуп өттү.

Конкурска баа берген калыстар тобунун төрайымы “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси Акматова Гүлнур айым болду. Ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү катары “Башат” агымынын өкүлдөрү Абдраимов Сейиткан, Бегалиев Шамалбек, Шаадиев Султан жана Усубалиев Авазбек агайлар катышты.

Конкурста саламдашуу адебин көрсөтүү, команданын атын жана эмблемасын жактоо, элдик ырларды сахналаштыруу боюнча ат салышышып, ар бир  тапшырманы чыгармачылык менен аткаруу менен бирге өздөрүнүн таланттарын жана улуттук наркка болгон мамилесин ийине жеткире көрсөтө алышты.

Конкурс окуучулардын улуттук нарк менен таанышуусуна жана аны баалоосуна өбөлгө түзүп, маданий мурастарыбызды урматтап-кадырлоого багытталган маанилүү кадам катары каралды.  Айрыкча 7-"б" классынын окуучуларынын аткаруусундагы элдик ырды сахналаштыруу бөлүгү калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн алкышына татый алды. Алардын эмблема композициясында улуттук кийимдер, кыргыз ою-өрнөктөрү жана команданын аталышын баяндоодогу жогорку деңгээлдеги чыгармачылык 1-орунду алып келди.

Ал эми 7-"е" жана 7-"д" класстары бирдей упай топтоп, 2-орунду камсыздашты. Алар өздөрүнүн сахналаштырылган чыгармаларында ата-бабалардан калган нарк-насилдерди көркөм жеткирип, команданын ынтымагын жана уюшкандыгын айкын көрсөтө алышты.

3-орунга ээ болгон 7-"в" классы болсо саламдашуу адебинде өзгөчө бир жаңычыл мамиле жасап, улуттук стилдеги көркөм аткаруусу менен айырмаланды.

Бул иш-чара окуучулардын өз маданиятына болгон кызыгуусун арттырып, командалык иштөөгө, чыгармачылыкка жана сахна маданиятына болгон мамилесин өнүктүрүүгө чоң түрткү берди.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru