Асыл ой, ак сөз, адал иш
24-апрелде “Бакдөөлөт” коомдук фонду тарабынан өтүлгөн сабактардын негизинде 4-б классы үчүн “Асыл ой, ак сөз, адал иш” темасында тарбиялык сахналаштырылган сабак өткөрүлдү. Окуучулар “Асыл ой, ак сөз, адал иш” түшүнүктөрү боюнча талдоо жүргүзүшүп, турмуштук жагдайлар аркылуу бул баалуулуктардын маанисин ачып беришти.
Балдар күнүмдүк жашоосунда кездешкен жакшы ойлор, чындык жана адал эмгекти оюндар жана сахналаштырылган сценкалар аркылуу көрсөтүштү. Ойлордун жана сөздөрүнүн таасирин, чынчыл болуунун маанилүүлүгүн накыл сөздөр аркылуу чечмелешип, ак көңүлдүк, адилеттүүлүк тууралуу таасирдүү ойлорду айтышты.
Тарбиялык сабак ушул эле класстын куратору Гүлайна Бекбоеванын жетектөөсүндө жогорку деңгээлде өтүп, окуучуларга маанилүү баалуулуктарды түшүнүүгө жана жашоодо колдонууга жол ачты.