Сен мыктысың!
Башталгыч класстардын “Сен мыктысың!” таланттуулар кечеси 24-апрель күнү мектеп-лицейдин 2-корпусунда ийгиликтүү өттү. Анда окуучулар жеке музыкалык номерлерди аткаруу, гимнастика жана спорттук көнүгүүлөр, кол өнөрчүлүк, комуз чертүү, бий жана сүрөт тартуу сыяктуу багыттарда өз таланттарын көрсөтүштү.
Кеченин жүрүшүндө катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрү жогорку деңгээлде бааланып, жаш өнөрпоздордун аткаруулары көрүүчүлөргө мыкты сезимдерди калтырды. Окуучулардын музыкалык жана бий номерлери, гимнастикадагы координациялык жөндөмдөрү, ошондой эле сүрөт тартуусу жана кол өнөрчүлүгү иш-чаранын маанисин дагы тереңдетти.
Чыгармачылык кеченин аягы өзгөчө жыйынтыкталып, катышуучуларга сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.