Эбру: Табигый дүйнө менен байланыш

Ага Хан Фонду тарабынан уюштурулган «Мектептер-2030» проектисинин алкагында 4-д, 9-ж, б класстары  “Эбру-сууда сүрөт тартуу техникасы” долбоордук иши боюнча Үй шартында суу коюлтуу процессине  изилдөө  жүргүзүшүп, табигый заттардын курамынан турган суюк массаны даярдоону демонстрациялашты.

Изилдөө ишине байкоо жүргүзүү максатында ушул эле фонддун Чүй-Бишкек аймагы боюнча консультанты Дамира Абасова, координатору Асылгүл Токторбаева катышышып, окуучулардын изилдөө иштерине жогорку денгээлде баа беришти.

Сууда сүрөт тартуу техникасы менен иштөөдө сууну коюлтуу эң алгачкы этабы болуп саналгандыктан, окуучулар кадимки картошка, жүгөрү крахмалдарынан, сүттөн, желатинден жана кеңсе клейинин аралашмаларынан турган суу коюлтуу процессин көрсөтүшүп, суунун коюу абалга келүүдөгү  физикалык-химиялык өзгөрүүсүнө токтолушту. Ар бир табигый зат менен даярдалган суюк массанын финансылык чыгымын аныкташып, пайдалуу жана жеңил шарттарын далилдешти.

Фантазия жана кыялдар бөлүмүндө өздөрү жараткан кереметтүү, абстрактуу сүрөттөрүн жакташып, сүрөт тартуу учурундагы эмоциялары жана сезимдери менен бөлүшүштү.

Ар бир сүрөт татаал ойлордун, элестетүүлөрдүн жана искусстводогу жаңы изденүүлөрдүн натыйжасын чагылдырып, ар бир катышуучунун чыгармачылык кыялдарын ойгото алды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru