Дельфий Бишкек – 2025

2025-жылдын 25–30-апрелине чейин «Дельфий Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!»  урааны менен өтүп жаткан искусство сынагына УИТМЛдин 10-Г классынын окуучусу Пак Даниэль "Элдик кылдуу аспаптар" номинациясында 14-17 жаш категориясында комуз ойноп, күмүш медалдын ээси болду.

Бул ийгилик Пак Даниэлдин улуттук музыкага болгон кызыгуусун, комуз чертүү чеберчилигин жана тынымсыз эмгегин далилдеди. Анын аткаруусу калыстар тарабынан жогору бааланып, көрүүчүлөрдүн да купулуна толду.

Мектеп жамааты Пак Даниэлдин бул жетишкендигин чоң сыймык катары кабыл алып, ага мындан аркы чыгармачылык жолунда ийгиликтерди каалайт. Бул жеңиш  жаштардын талантын колдоого алып жаткан «Дельфий оюндарынын» маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, маданий өнүгүүгө кошкон салымы болуп калды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru