Улуу Жеңишке — 80 жыл!

УИТМЛдин 5-"Ж" классы "Улуу жеңиш унутулбайт. Улуу Жеңишке — 80 жыл!" аталышындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган ачык тарбиялык сабак уюштурушту.  Сабак кыргыз тили жана адабияты мугалим Элзана Серкебаеванын жетектөөсүндө жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардын  патриоттук сезимдерин ойгото алды.
 
Сабакта окуучулар Улуу Жеңишке арналган ырларды ырдашып, көркөм окууларды аткарышты. Кээ бирлери согушта курман болгон ата-бабалар тууралуу баяндамалар менен бөлүшүп, алардын эрдиктерин эскеришти. 
 
Жеңиш символдорун чагылдырган жасалгалар менен окуу бөлмөсүн жабдышып, аскер формаларын кийинишип, сахналаштырылган чакан көрүнүштөр аркылуу фронттогу жоокерлердин кайратмандыгы, алардын үй-бүлөсүнө болгон сагынычы жана мекенди коргоодогу эрдиги чагылдырылды.

Сабактын жүрүшүндө мугалим Элзана Серкебаева Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый маанисине токтолуп, жаш муундарды тынчтыкты баалоого, тарыхты унутпоого жана мекенге болгон сүйүүнү ар дайым жүрөктө сактоого чакырды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru