Улуу Жеңиш: Мекен үчүн жанын бергендерге урмат
29-апрель күнү профессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛде 9-Май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага 5-"з", 8-"б", 8-"в", 11-"и" класстары жигердүү катышып, ардагерлерге арналган өзгөчө концерттик программасын тартуулашты. Ошондой эле 3-"з", 5-"ж", 6-"г", 6-"ж", 10-"д" класстарында ачык тарбиялык сабактар өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага Республикалык ардагерлер кеңешинин уюштуруу комитетинин төрагасы Тельцов Е. Н., эмгек ардагери Красюкова Н., уюштуруу комитетинин катчысы Исаева Ж. Б., Ооган согушунун полковниги Момунов Абдыганы, Ооган согушунун ардагери Мустафаев Ш. М., жана Республикалык ардагерлер кеңешинин штаб башчысы, полковник Кожобеков Н. Э. катышышты.
Концерттик программада жеке музыкалык номерлер, патриоттук ырлар жана драмалык көрүнүштөр тартууланды. Ар бир класс өзүнө жүктөлгөн ролду жогорку жоопкерчилик менен аткарып, сахнада согуш жылдарындагы катаал турмушту, жоокерлердин кайратмандыгын жана алардын мекенге болгон чексиз сүйүүсүн чагылдырышты.
Конок катары келген ардагерлер өз кезегинде жүрөк толкуткан эскерүүлөрү менен бөлүшүп, жаштарга тынчтыктын баасын түшүндүрүшүп, мекенге кызмат кылуунун улуулугун баса белгилешти.
Иш-чаранын соңунда мектеп администрациясы келген ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, алардын эрдигине таазим кылышты. Бул өзгөчө күн катышуучулардын ар биринин жүрөгүндө жылуу таасир калтырып, унутулгус эскерүү болуп сакталып калды.