Жаңы муун билим берүү – 2025

"Жаңы муун билим берүү – 2025" (Next Generation Education) STEM билим берүү багытында инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашыруу жана англис тилин билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоордун расмий ачылышына УИТМЛдин директору Мелискан Асанова жана бир катар мугалимдер катышып, долбоордун негизги максаттары жана келечектеги багыттары тууралуу таанышып келишти.

"Жаңы муун билим берүү – 2025" долбоору жаш муунду келечекке даярдоо, алардын потенциалын ачуу жана дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алган адистерди тарбиялоо максатын көздөгөндүктөн, англис тилин билүү маанилүү кадам экендиги баса белгиленди.

Долбоордун ачылышында англис тили мугалимдери жана англис тилин үйрөнүп жаткан мугалимдер сертификаттар тапшырылып, мектеп директорлоруна ыраазычылык каттар ыйгарылды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru