«Алтын Казык» алкагындагы жаңы китептер

УИТМЛдин 4-класстарынын окуучулары үчүн Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү тарабынан даярдалган англис тили боюнча окуу китептери, жумушчу дептерлер жана мугалимдер үчүн колдонмолор Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева тарабынан расмий түрдө мектеп-лицейге тапшырылды.

Министр өз сөзүндө китептер алгачкы ата-мекендик менчик окуу комплектиси экенин жана алар "Алтын Казык" билим берүүнү реформалоо программасынын алкагында басылып чыгып, жаңы билим берүү стандарттарына толук жооп бере турганын баса белгиледи.

Башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан бул окуу комплектиси мектеп-лицейдин англис тили мугалимдерин кубандырып,  бул ресурстар сапаттуу билим берүүгө жана предмет боюнча заманбап талаптарга жооп берүүгө өбөлгө түзөт деп белгилешти.

12 жылдык билим берүүгө киришүүдө мындай окуу комплектеринин келиши жалпы педагогикалык жамаатка  жана окуучуларга  кубанычтуу жаңылык болду.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru