Кыргызстандын атын Азия аренасында даңазалаган: Абдиев Аскардын APhO-2025теги тарыхый жеңиши
2025-жылдын 4-майынан 12-майына чейин Сауд Аравиясынын Дахран шаарында өткөн 25-Эл аралык Азия физика олимпиадасында (APhO) мектеп-лицейибиздин окуучусу Абдиев Аскар коло медаль жеңип, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоду!
Бул ийгилик Кыргызстандын тарыхындагы APhO олимпиадасындагы маанилүү жетишкендик болуп саналат.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Азия физика олимпиадасында 2007-жылы алгачкы коло медалга ээ болгон. Андан кийин 18 жылдан соң, 2025-жылы Абдиев Аскар экинчи коло медалды алып келди. Мындан тышкары, былтыркы УИТМЛдин бүтүрүүчүсү Анаралы уулу Эмир дагы коло медаль жеңген болчу. Бул жетишкендиктер Кыргызстандын физика тармагындагы талантын жана УИТМЛдин жогорку деңгээлдеги билим берүү сапатын далилдейт.
Азия физика олимпиадасы дүйнөлүк физика олимпиадасынан кыйыныраак деп эсептелет, анткени ал теориялык жана практикалык тапшырмалардын татаалдыгы менен айырмаланат. Бул жылы олимпиадага 30 өлкөдөн 240ка жакын окуучу катышты, алардын арасындагы Абдиев Аскардын коло медалы Кыргызстан үчүн чоң сыймык.
Бул жетишкендик Кыргызстандын жаштарынын илим жана билим жаатындагы потенциалын дүйнөгө таанытып, келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди алып келе тургандыгына ишенимди арттырат. Абдиев Аскарды жана аны таптаган устаттарына терең ыраазычылык билдиребиз!