Алматыдан жеңиштүү кабар!

2025-жылдын май айында Алматы шаарында өткөн «Алтын канат» эл аралык бий конкурсуна биздин мектеп-лицейдин окуучулары ийгиликтүү катышып, мыкты жыйынтыктарга жетишишти.

Бул  конкурска 20дан ашуун бий топтору катышып, ар бир бий тобу өзүнүн талантын, талыкпаган эмгегин жана чыгармачылыгын көрсөттү.

6-"Е" классынын бий тобу 10 күчтүү топтун арасынан өзүнүн өзгөчө бий аткаруусу менен айырмаланып,2-орунду  багындырышты.

6-"А" классы таймашта жогорку деңгээлде аткаруу көрсөтүп, 1-орунду  жеңишти.

Бул жеңиш — биздин окуучулардын биримдигинин, таланттуулугунун жана чыгармачыл эмгегинин ачык далили. Аларды даярдаган жетекчилерге жана колдоо көрсөткөн мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Куттуктайбыз, жаш бийчилер!
Сиздер менен сыймыктанабыз жана келечекте дагы бийик сахналардан көрөбүз деген ишеничтебиз!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru