“Көчмөндөр кагылышы” чыгармасы боюнча тесттик сынакта мыктылар аныкталды

Педагогдор арасында уюштурулган “Көчмөндөр кагылышы” чыгармасына арналган окурмандык чеберчиликти аныктоо боюнча конкурс өз ишин ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чара мугалимдердин көркөм чыгармаларды терең түшүнүү, анализдөө жана өз ойлорун так жеткирүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Конкурска ар түрдүү предметтер боюнча мугалимдер катышып, адабий талдоо, чыгарманын маани-маңызын ачуу жана өз идеяларын таамай жеткирүү боюнча түзүлгөн  100 суроодон турган тест иштешти.

Жыйынтыгында математика кафедрасынын үч мугалими өзгөчө даярдыктары менен алдыңкы орундарды багындырышты. Керимканова Апал Абдырашитовна 1-орун, Дардакеева Айымкан Жумадиловна 2-орун, Жуманалиева Гульнара Ибраимовна 3-орунга ээ болду. Бул жетишкендик адабиятка болгон кызыгууда предметтик чектөөнүн жоктугун жана ар тармактагы педагогдордун чыгармачылык дараметинин кеңдигин дагы бир жолу далилдеди.

Иш-чара катышуучулар арасында чоң шыктанууну жаратып, мындай демилгелердин келечекте да улануусуна дем берди. Мугалимдер мындан ары да адабият жана чыгармачылык аркылуу өздөрүнүн кесиптик жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө умтулаарын билдиришти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru