Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейин ийгиликтүү аяктап жаткан 11-класстын 243 бүтүрүүчүсүн жана 9-классты аяктап жаткан 359 окуучуну чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, бүгүн билим жолундагы дагы бир белестен өтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана үмүттөргө багыт алдыңар. Ар бириңде чың ден соолук, бекем эрк, билимге болгон умтулуу жана талыкпас эмгек, ийгилик болсун!
Бул күн — жөн гана бүтүрүү эмес, жаңы сапардын башталышы. Ар бир кадамыңар өзүңөрдү табууга, өлкөбүздү өнүктүрүүгө жана дүйнөгө таанылган инсан болууга багыт алсын.
Мектеп босогосунда алган билимдериңер, тарбияңар жана достук мамилеңер өмүр бою жол көрсөтүп, жарык берүүчү шам чырак болсун!
Ардактуу бүтүрүүчүлөр!
Жолуңар шыдыр болуп, ийгиликтер жандап жүрсүн!