5-класстар кыргыз тилинен комплексдүү субтесттерди тапшырууда

27–28-май күндөрү мектеп-лицейде 5-класстар көчүрүү экзамендерин тапшырууну башташты. Көчүрүү экзамени кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча өткөрүлүп, төмөнкү субтесттерди камтыйт: лексика-грамматика субтести, окуп түшүнүү, угуп түшүнүү жана жазуу субтесттери.

Ар бир субтестти аткарууга белгиленген убакыт берилген жана тапшырмалар окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык, адабий жана лексикалык мааниси туура келген мазмун менен түзүлгөн.

Экзамендин максаты — окуучулардын кыргыз тили жана адабияты боюнча алган билимин, түшүнүү жана колдоно билүү жөндөмдөрүн текшерүү. Жазуу субтести аркылуу окуучунун ойлорун логикалык жана грамматикалык жактан туура, түшүнүктүү формада кагаз бетине түшүрүү жөндөмү бааланат.

Экзамендин жүрүшү мектеп администрациясы тарабынан көзөмөлдөнүп, бардык эрежелер сакталууда. Жыйынтыктары мектеп педагогикалык кеңешинде каралып, окуучулардын кийинки класска өтүүсү боюнча чечим менен кабыл алынат.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru