Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен тапшырууда
Бүгүн, 2-июнь күнү, УИТМЛде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестациялоо экзамендерин тапшырып башташты.
Тактап айтканда, 9-класстан жалпы 359 окуучу алгебра сабагынан экзамен тапшырууда. Бул экзамен алардын орто мектеп баскычын аяктап жаткандыгын тастыктап, келечектеги профилдик багытын аныктоого негиз болот.
Ошол эле учурда, 11-класстан 243 бүтүрүүчү кыргыз тили сабагынан мамлекеттик экзаменге катышууда. Бул бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп жашоосундагы акыркы чоң сыноолордун бири болуп эсептелет. Экзамен жогорку деңгээлде, уюшкандык менен өтүп, бардык санитардык-коопсуздук эрежелери сакталып жатат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик аттестациялоо – окуучулардын билим сапатын баалоо жана алардын мындан аркы билим алуусуна жол ачуу үчүн өтө маанилүү этап болуп саналат.