Келгиле, тарыхты чогуу жазалы!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр жана өнөктөш мекемелер!

 

1926-жылы түптөлгөн Бишкек шаарындагы №5-мектеп - бүгүнкү күндө профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи (Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан) - өзүнүн 100 жылдык юбилейин утурлап татыктуу тосууга даярданып турат. 
 
Ушул кылымга тете убакыт аралыгында биздин мектеп билим менен тарбиянын казынасы, эл кызматында эмгектенген жүздөгөн көрүнүктүү инсандардын башаты болуп келди. Ар бир доордо өз мезгилинин талабына ылайык билим берип, улуттук баалуулуктарды урматтаган, мекенчил жана интеллектуалдык потенциалы жогору бүтүрүүчүлөрдү тарбиялады.
2026-жылдын октябрь айында өтө турган 100 жылдык мааракеге карата, мектеп-лицейибизде бир катар чоң иш-чаралар пландалып жатат. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири - мектептин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулар, ачык сабактар, чыгармачылык жана илимий көргөзмөлөр, "Ачык эшиктер күнү", марафон ошондой эле илимий-практикалык конференциялар.
 
Ошондуктан, урматтуу бүтүрүүчүлөр! Сиздерди 100 жылдык мааракебиздин алкагында уюштурула турган иш-чараларга активдүү катышууга чакырабыз. 
 
Мектеп - бул ар бирибиздин журөгүбүздүн бир бурчу, өмүр жолубуздун жарык башталышы.
Келгиле, мугалимдерге болгон урмат-сыйыбызды, мектепке болгон ыраазычылыгыбызды биргеликте билдирип, жаш муундарга өрнөк бололу! 
Жүз жылдык - бул тарых гана эмес, келечекке ташталган улуу кадам!
 
Мектеп-лицейдин директору Мелискан Биримкуловна

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru