Тарыхый мектеп – тарых жараткан бүтүрүүчүлөр
Бишкек шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи (№5-мектеп) – тарыхы терең, агартуу системасында өзгөчө орду бар билим уясы. Бул мектепти бүтүргөн инсандардын арасынан Кыргызстандын маданиятына, илимине, мамлекеттик башкаруу системасына жана эл аралык аренадагы кадыр-баркына зор салым кошкондор арбын.
Маданият тармагында өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрдүн сап башында СССРдин эл артисттери Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева жана КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова, кинорежиссер Төлөмүш Океев турат. Алардын ар бири кыргыз театры менен кинематографиясынын түптөлүшүнө жана өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчүсү жана кино актёру Сүймөнкул Чокморов да ушул мектептин босогосун аттап, дүйнөгө таанылган таланттардын бири болгон.
Адабият майданында өзгөчө салым кошкон белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Өскөн Даникеев, акын Байдылда Сарногоев, публицист жана ойчул Салижан Жигитов, акын Турар Кожомбердиев – бул мектептин дагы бир сыймыктары.