Мектеп тарбиялаган мамлекет адамдары
Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи — Кыргызстандын билим берүү тарыхындагы эң байыркы жана ардактуу мектептердин бири. 100 жылдык татыктуу тарыхы бар бул билим уясы өзүнүн тарбиясынан миңдеген бүтүрүүчүлөрдү чыгарган. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ар кыл тармактарында үзүрлүү эмгектенип, мекенге болгон кызматын татыктуу аткарып келишет.
Бул мектепти бүтүргөндөрдүн арасынан өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон, элдин эсинде калган бир катар көрүнүктүү инсандарды өзгөчө сый-урмат менен эскерүүгө болот.
Алтымыш Арстанбек — советтик жана кыргызстандык фармаколог, саламаттыкты сактоо тармагында эмгек сиңирген адис. Ал дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана калктын ден соолугун чыңдоого чоң салым кошкон.
Акматалиев Абдылдажан — адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө зор эмгек сиңирген илимпоз жана окутуучу.
Аида Сейдакматова — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин төрайымы. Кыргызстандын сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыздоого, укуктук маданиятты өнүктүрүүгө салым кошуп келет.
Айгүл Рыскулова — мамлекеттик жана коомдук ишмер. Ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри кызматтарын аркалап, бир топ реформаларга демилгечи болгон.
Абильдаев Болот — экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, «Даңк» орденинин ээси. Ал өлкөнүн экономикалык саясатына жана башкаруу системасына терең таасир тийгизген адис катары таанымал.
Ирсалиев Рахатбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, коомдук иштерге активдүү катышкан, элдин үнүн бийликке жеткирген эл өкүлү.
Бул инсандардын ар бири — УИТМЛдин ардактуу бүтүрүүчүсү катары мектептин тарбия системасынын, сапаттуу билим берүүсүнүн жана мугалимдердин мээнетинин жандуу далили. Алардын жетишкендиктери — мектеп үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн сыймык.
Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи бүгүн да өз салтын улантып, өлкө келечегин түзө турган билимдүү, мекенчил муунду тарбиялап келе жатат.