УИТМЛ – таланттардын мекени

Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи – жүз жылдык тарыхында элдин ар тармагына эмгек сиңирген жүздөгөн жана миңдеген бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап чыгарган кадырлуу билим уясы. Бул мектеп билим менен адамгерчиликти айкалыштырган, талантты таанып өстүргөн очок катары коомго кызмат кылган көрүнүктүү инсандарды берип келет.

Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында өлкөбүздүн гана эмес, дүйнөнүн сахнасында таанылган таланттар, күчтүү лидерлер жана чыгармачыл инсандар бар.

Жоламан Шаршенбеков — кыргыз грек-рим күрөшүнүн сыймыгы, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун үч жолку жеңүүчүсү жана 2024-жылы өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси. Ал өзүнүн жеңиштери менен кыргыз спортунун деңгээлин дүйнөгө тааныткан чыгаан спортчу.

Эльвира Сурабалдиева — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук активист жана ишкер айым. Ал заманбап саясатта өз үнү бар, жигердүү позициясы менен айырмаланып турган лидер.

Назира Аалы кызы — «Манас» улуттук академиясынын вице-президенти, манас таануу жана кыргыз руханий мурасын изилдөө тармагында чоң салым кошуп жаткан билимдүү жана илимге берилген инсандардын бири.

Айпери Кубик кызы — ырчы жана актриса, чыгармачылыгы аркылуу улуттук музыка менен заманбап искусствону айкалыштырып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон таланттуу инсандардын бири.

Жанышов Өмүрбек (Омар) — белгилүү ырчы, аткаруучу. Анын үнү жана сахнадагы образы жаңы муунга таасир берип, кыргыз эстрадасына жаңычыл дем берген.

Асема Токтобекова — кыргыз актрисасы, режиссёру жана ырчысы. Кино, театр жана музыка тармагында бир нече ийгиликтүү чыгармачылык долбоорлордун автору катары белгилүү.

Бул инсандар — УИТМЛдин ар тараптуу мүмкүнчүлүк берген, чыгармачылыкты жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн чөйрөсүндө тарбияланган бүтүрүүчүлөр. Алар бүгүнкү күндө өз тармактарында ийгилик жаратып, мекен үчүн кызмат кылууда.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru