Улуттук сыймык - мектеп тарбиялаган таланттар

УИТМЛ терең билимдин, адамдык нарктын, чыгармачылыктын жана жарандык жоопкерчиликтин айкалышкан очогу катары өлкөнүн коомдук өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келет.

Мектептен тарбия алып, кийин өз тармагында үлгү болууга жетишкен бүтүрүүчүлөр бүгүнкү күндө илимде, маданиятта, мамлекеттик башкарууда, саясатта жана маалыматтык технологиялар дүйнөсүндө өлкө келечегине татыктуу салым кошуп келишет.

Аскаров Теңдик — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, философ, сынчы. Ал "Даңк", “Элдердин достугу” жана “Ардак белгиси” орден-медалдары менен сыйланган, өлкөнүн маданий жана руханий өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон инсан.

Баячорова Батыйгүл — физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, илим-билим жаатында чоң тажрыйбага ээ болгон адис. Анын илимий ишмердүүлүгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган.

Бөрүбаев Алмаз — экономика илимдеринин кандидаты, мектептин алтын медалдын ээси, өз тармагында тажрыйбалуу адис жана эл аралык деңгээлдеги экономикалык аналитик.

Мүсүралиев Туратбек — Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жаатында эмгек сиңирген ишмер. Ал экология жана жаратылыш байлыктарын сактоо багытында бир катар маанилүү мамлекеттик долбоорлордун ишке ашуусуна катышкан.

Токтосартов Камалидин — коомдук жана мамлекеттик ишмер, 2008–2012-жылдары шаардык кеңештин эки жолку депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат системасында 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи наамына ээ.

Шайлообек Карагулов — маалыматтык технологиялар жана программалоо кафедрасынын улук окутуучусу. Ал жаштардын IT сабаттуулугун жогорулатууга, жаңы муун адистерин даярдоого кошкон салымы менен белгилүү.

Бул инсандардын ар бири — УИТМЛде калыптанган билимдин, тарбиянын жана жаратман мугалимдердин аракетинин жыйынтыгы. Алардын жетишкендиктери — мектеп тарыхынын татыктуу уландысы, коомго кызмат кылуунун жандуу мисалы болуп саналат.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru