100 жылдык тарых – дүйнөгө таанылган бүтүрүүчүлөр
Мектеп өз тарыхында татыктуу билим берип, дүйнөнүн түрдүү бурчтарында ийгилик жаратып, мекендин намысын көтөргөн инсандарды тарбиялап чыккан.
Бул билим уясынан чыккан бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жана тармактарында ийгиликке жетишип, кесиптик багытта алдыга чыккандар көп.
-
Кубакеев Иса — Германияда электромобилдердин тетиктерин иштеп чыккан америкалык компанияда иштейт. Ал илим, технология жана инновация жаатында эл аралык деңгээлде таанылган адис.
-
Таалайбекова Сезим — Стамбул шаарындагы Romatem клиникалар тармагында терапевт. Медицина жаатында кесипкөй дарыгер катары таанылган.
-
Акылбекова Аяна — Jazeera Airways Кувейттик авиакомпаниясында стюардесса, эл аралык авиация тармагында эмгектенүүдө.
-
Ажымамбетов Улан — спорт дарыгери, спортчулардын саламаттыгын сактоо жана өнүктүрүү жаатында тажрыйбалуу адис.
-
Шаршекеев Акбар — Веда астрология жана нумерология боюнча астролог-консультант, өз тармагында кеңири таанылган.
-
Майташова Кундуз — Чүй областынын ИИБинде милициянын майору, коомдук тартипти сактоо жаатында жооптуу кызматкер.
УИТМЛдин бүтүрүүчүлөрү — билимдин, адептин жана кесиптик даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп, ар кыл тармактарда өзүнүн мыктылыгын далилдешүүдө. Алардын ийгиликтери — мектептин туруктуу өнүгүүсүнүн жана мугалимдердин чексиз эмгегинин натыйжасы.