Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүү үчүн сериялык семинарлар өтүлүүдө
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүү үчүн сериялык семинарлар өтүлүүдө
2018-2019-окуу жылында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүү үчүн ишемби күндөрү сериялык семинарлар өтүлүүдө.
КББАнын вице президенти, доцент А. Д. Токтомаметов тарабынан сериялык семинарлар өтүлүүдө:
- Жаңы билим берүү стандарттары
- Предметтик стандарт, окуу программасы жана окуу-усулдук комплекс
- Жаңы окуу-усулдук комплекстер менен иштөө
- Билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамиле
- Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр
- Компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган сабактардын иштелмелери
- Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар
- Окутуунун заманбап технологиялары
- Долбоордук технология
- Дифференциялык мамиле
- Инсанга багытталган окутуу
- Сабактын максатын коё билүү
- Баалоонун түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү
- Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана мониторинг жүргүзүү
- Сабакка байкоо жүргүзүү формалары
- Электрондук окуу материалдардын мүмкүнчүлүктөрү
- Электрондук окуу материалдарды түзүүдөгү эл аралык тажрыйба
- Сабакты даярдоодогу, өтүүдөгү жана талдоодогу кызматташуу
- Насаатчылык жана анын мүмкүнчүлүктөрү
- Өз алдынча билим алуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү
- Кошумча окуу-усулдук материалдарды окуучулар менен биргеликте даярдоо