Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр — эл үчүн кызматтын үлгүсү
Мектептен билим алып, коомго эбегейсиз салым кошуп жаткан бүтүрүүчүлөр арбын. Алардын арасында мамлекеттик кызматта, маданиятта жана чыгармачылыкта элине кызмат кылып жаткан чыгаан инсандар да бар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын укуктук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары — Элтинов Эркинбек мамлекеттеги эң жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти аркалап, мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталуусуна зор салым кошууда.
Маданият жана искусство тармагында ийгиликтерге жетишкен белгилүү актёр жана режиссёр — Учкун Жакыпбеков өзүнүн сахнадагы жана экрандагы чыгармалары менен элдин сүймөнчүгүнө айланган. Анын чыгармачылыгы көрүүчүлөрдү терең ойлонууга, руханий байып-жетилүүгө үндөйт.
Чыгармачылык чөйрөсүндөгү дагы бир сыймыктуу бүтүрүүчү — кесипкөйлүгү менен таанылган белгилүү фотограф Эржан Кадырбеков. Ал кыргыз жаратылышын, улуттук жүздөрдү жана жашоонун көркөм мүнөздөрүн чагылдырган эмгектери менен эл аралык деңгээлде да таанылып келет.