Мамлекет жана укук тармагындагы сыймыктуу бүтүрүүчүлөр

100 жылдык тарыхы бар мектеп – көптөгөн таланттуу адистерди тарбиялап, аларды коомго кызмат кылууга үндөгөн билим ордосу. Мектептен калыптанган билимдин, тарбиянын, жоопкерчиликтин аркасында анын бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу жана укук тармагында ийгиликтүү иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана укуктук чөйрөдө ийгиликтүү эмгектенип жаткан бир катар бүтүрүүчүлөр бул баалуулуктардын жандуу мисалы болуп саналат.

Бейшенов Максат — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Активдерди кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы. Ал мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууда жогорку кесипкөйлүгү менен айырмаланып, мамлекеттик кызматтын ишенимин актоодо.

Шапаева Венера — Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча инспектору. Ал укуктук билимдин тереңдиги жана кесиптик тажрыйбасы менен өзгөчөлөнүп, PhD илимий даражасынын ээси катары укуктук илим менен практиканы айкалыштырып иш алып барууда.

Дүйшөналиева Чолпон — «Бий-Консалт» юридикалык компаниясынын аткаруучу директору. Жеке юридикалык сектордо ийгиликтүү иштеп, кардарлардын укуктарын коргоо жана укуктук кызмат көрсөтүүдө үлгүлүү адис катары таанылган.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru