Мекенден дүйнөгө жол тарткан бүтүрүүчүлөр
100 жылдык тарыхы бар №5 улуттук мектеп-гимназиясы – өлкөгө гана эмес, дүйнөгө таанылган кадрларды тарбиялаган билим ордосу. Бул мектептен билим алып, кийин дүйнөнүн ар кыл бурчтарында эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрдүн катарында бүгүнкү күндө өз тармактарында ийгиликтүү адис катары аты чыккан инсандар арбын. Meta Platforms Inc. компаниясы (Айова, АКШ), Production engineer- Турат Майрамбек, Дубай, БАЭдеги Idigov LLC аттуу кыймылсыз мүлк агенттигинде кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси - Асанова Мээрим, "Кыргызстан Аэропорттору" ААКнын башкы юристи – Бакашева Айдай. Алардын ар бири – бүгүнкү окуучуларга үлгү боло ала турган ийгилик баяны.