Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бүтүрүүчүлөр
Өз тарыхында жүздөгөн инсандарды тарбиялап, коомдун ар тармагына үлүш кошкон №5 улуттук мектеп-лицейи өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап чыккан. Алар бүгүнкү күндө экономика, медицина жана сот тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап, коомго кызмат кылып келишет.
ЗАО Кумтор Голд Компаниясынын камсыздоо бөлумүнүн башчысы - Бакытов Самат, Жогорку даражадагы акушер- гинеколог дарыгер, "Умай-мед" клиникасынын жетекчиси - Камчыбекова Айпери, Нарын областынын административдик сотунун төрагасы - Хусанов Айбек.
Бул инсандардын жетишкендиктери – мектеп берген билимдин, татыктуу тарбиянын жана эмгекчилдиктин жемиши. Алардын ар бири бүгүнкү жаштар үчүн өрнөк боло турган, коомго кызмат кылган инсандар.