Бир үй-бүлө – бир мектеп
100 жылдык тарыхы бар №5 улуттук мектеп-лицейи - мамлекетке кызмат кылган көптөгөн инсандардын башаты. Бул мектептен билим алып, бир үй-бүлөдөн чыккан бир нече адам укуктук чөйрөнүн ар кандай тармактарында өлкөгө кызмат кылып келишет. Алар - Нурбековдордун үй-бүлөсү. Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгына укуктук негиз түзгөн алгачкы илимпоздордун бири. 1992-жылы анын ысымы өзү туулуп-өскөн Талас облусунун Талас районуна караштуу Кум-Арык айылындагы орто мектепке ыйгарылып, анда илимпозго арналган музей ачылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук университетинде жана Юридикалык университетте да Кубанычбек Нурбековго арналган музейлер иш алып барат. Анын көптөгөн илимий эмгектери бүгүнкү күндө да студенттердин, жаш илимпоздордун пайдалануусунда. Ал жазып кеткен укуктук идеялар азыркы укуктук билимдин пайдубалы болуп саналат. Юридикалык илимдеринин доктору, юрист - Нурбеков Кубанычбек, Бишкек шаарындагы Биринчи май районунда прокурор, майор - Нурбекова Назик, Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын соттук отурумдарды уюштуруу бөлумүнүн башчысы - Нурбекова Назгүл, мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча өкүлү болгон - Нурбеков Кубаныч.
Бул үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү - бир нече муун катары бир эле мектептен билим алып, кийин укуктук тармакта мамлекеттик кызматты аркалап келатканында. Нурбековдордун чоң атасы да өз убагында прокурор болуп иштеген. Бул өз ара уланып келген салт - үй-бүлөнүн мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана мекенге болгон кызмат кылуу салтынын үзгүлтүксүз уландысы.
Бул үй-бүлөнүн тарыхы – 5-мектептин сыймыгы жана билим менен мекенге берилгендиктин жаркын үлгүсү.