Мектеп жүзү - мектептин окуучу президенттери
100 жылдык тарыхы бар №5 улуттук мектеп-лицейи окуучулардын жигердүү катышуусу менен билим берүүдө жана коомдук турмушта маданиятты калыптандырууну ар дайым колдоп келген. Бул багытта өзгөчө ролду окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму ойнойт. Жыл сайын тандалып алынган окуучу-президенттер мектептин коомдук жашоосунда лидерлик сапатын көрсөтүп, өз муунунун үнүн жеткирип, жоопкерчилик менен иш алып барышат.
Төмөнкү бүтүрүүчүлөр - ошол идеялардын, мектеп ичинде жарандык активдүүлүктүн жүзү болгон окуучу-президенттер:
• Кадырбеков Кубанычбек Бакытбекович – 2014–2015-окуу жылы
• Жеңишбекова Айдана Жеңишбековна – 2015–2016-окуу жылы
• Арстанбеков Жылдызбек Жыргалбекович – 2017–2018-окуу жылы
• Жанжигитов Раззак Таштанбекович – 2018–2019-окуу жылы
• Кошалиев Кайрат Кундузбекович – 2019–2020-окуу жылы
• Кошалиев Канат Кундузбекович – 2020–2021-окуу жылы
• Жаныбаева Аделина Бактыбековна - 2021–2022-окуу жылы
• Тургунбеков Радбек Чынгызович - 2022–2023-окуу жылы
• Осмоналиев Абдынур Кенжебаевич - 2023–2024-окуу жылы
• Сталбек Санжар – 2024-2025-окуу жылы
Алар ар бири өз учурунда мектеп турмушун жакшыртуу, окуучулар арасында ынтымакты бекемдөө, иш-чараларды уюштуруу жана мугалим-окуучу ортосундагы диалогду түзүүдө активдүү роль ойношкон. Президенттик кызматты аркалоо менен аларда лидерлик, коомдук жоопкерчилик жана уюштуруучулук сапаттар калыптанып, келечекке болгон ишеним арта баштаган.
Бул окуучу-президенттер - мектеп демократиясынын жүзү, келечек лидерлеринин алгачкы кадамы болгон адамдар. Алардын жигердүүлүгү менен окуучулардын үнү угулуп, мектептин ички турмушу байып келген.