Абдиев Аскар: Кыргыз окуучусунун Париждеги жеңиши
2025-жылдын 17–25-июль күндөрү Франциянын борбору Париж шаарында өткөн 55-Эл аралык физика олимпиадасында (IPhO) Кыргызстандын атынан УИТМЛДин 11-классынын окуучусу Абдиев Аскар ийгиликтүү катышып, коло медалды багындырууга жетишти.
Бул дүйнөлүк деңгээлдеги илимий таймашта 80ден ашуун мамлекеттен мыкты мектеп окуучулары катышып, татаал теориялык жана эксперименталдык тапшырмалар боюнча жарышышты. Аскар жогорку деңгээлдеги даярдык, терең билим жана чыдамкайлык көрсөтүп, калыстар тобунун жогору баасына татыды. Анын бул жетишкендиги — Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн чоң сыймык жана келечек муундардын илим-билимге умтулуусунун дагы бир далили боло алат.
Абдиев Аскардын мындай зор ийгилигине жетишүүсүндө анын устаттары — Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаевдердин кесипкөйлүгү, тынымсыз эмгектери жана окуучуга болгон ишенимдери бир нече жолку эл аралык олимпиадаларда жогорку жетишкендикке жетелеп келет.
Абдиев Аскардын ийгилиги – бул бир гана анын эмес, анын устаттарынын, үй-бүлөсүнүн, мектеп-лицейдин жана жалпы Кыргызстан элинин жеңиши!
Мындай жеңиштер жаш муундарды илимге шыктандырып, өлкөбүздө илим-билимди өнүктүрүүгө чоң түрткү берет.