Спорт ден соолуктун булагы
Спорт ден соолуктун булагы
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда окуучулардын ден соолугун чындоо максатында 7-класстар арасында «Спорт ден соолуктун булагы» спорттук мелдеши болуп өттү.
Спорттук мелдештин жыйынтыгында эң мыкты даярдык жана шамдагайлыктары менен өзгөчөлөнүп 7га2 классы I-орун, 7гк2 классы II-орун, 7га4 классы III-орунга ээ болушту.
Спорттук мелдештин максаты - ден соолукту чыңдоо менен сергек жашоо образын түзүү. Спорт – ден соолукту чыңдайт. Спорт менен дайым машыгып жүргөн адамдар күчтүү, дени сак, шамдагай, сергек жана кайраттуу болушат.