«Менин мектебим» чыгармачыл интеграцияланган сабак
Бүгүн 5-Е класстын окуучулары менен көркөм өнөр жана технология предметтери боюнча интеграцияланган практикалык сабак мектептин ачык асман алдындагы чөйрөсүндө уюштурулду.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар мальберт, боёк жана кисти сыяктуу көркөм материалдарды колдонуп мектеп имаратын, анын айлана-чөйрөсүн жана жаратылыш көрүнүштөрүн натурадан байкап, чыгармачылык аркылуу кагаз бетине түшүрүүгө аракеттеништи. Сабак учурунда санитардык-гигиеналык талаптар эске алынып, окуучулар атайын фартук, кол кап жана коргоочу каражаттарды колдонушту.
Бул ишмердүүлүк окуучулардын эстетикалык кабылдоосун жана көркөм ой жүгүртүүсүн калыптандырууга, мектепке жана жаратылышка болгон эмоционалдык мамилесин чыңдоого,сүрөт өнөрүндө композиция түзүү жана боёк менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай интеграцияланган сабак окуучуларды чыгармачылыкка шыктандырып, таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруу менен бирге, алардын эмоционалдык дүйнөсүн байытууга чоң жардам берет. Сабак технология мугалими Исабаева Назира Рахматиллаевнанын жетекчилиги астында уюштурулуп, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана көркөм ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө багытталды.