Ата-эне менен мектептин бирдиктүү иши – ийгиликтүү окуучунун ачкычы

"Ата-эне менен мектептин бирдиктүү иши-ийгиликтүү окуучунун ачкычы" аталышындагы 2025-2026-окуу жылынын алгачкы жалпы ата-энелер жыйыны мектеп-лицейдин 1-корпусунда уюштурулду. Анда 2024–2025-окуу жылында аткарылган иштердин анализи, 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, «Э-Күндөлүк» платформасын пайдалануудагы мүмкүнчүлүктөр, мектеп-лицейдин ички тартип эрежелеринин аткарылышы жана өспүрүмдөр арасындагы коопсуздукту  максаттуу камсыздоо багытында маселелер талкууланды.

Жыйында ата-энелер менен мугалимдердин тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленип, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана тарбиялык иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталган сунуштар айтылды. Ошондой эле ата-энелердин суроолоруна жооп берилип, биргелешкен иштерди уюштуруунун так пландары талкууга алынды.

Бул жолугушуу ата-эне, мугалим жана мектеп администрациясынын ортосундагы байланыштын бекемделишине өбөлгө түзүп, жаңы окуу жылына бирдиктүү максат жана милдеттер менен кирүүгө шарт түздү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru