Профилактикалык кароо
2025-жылдын 22-сентябрында мектеп-лицейдин 2-класстарынын окуучуларынын тиш саламаттыгы Япониядан келген стоматологдор тарабынан профилактикалык медициналык кароодон өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – балдардын ооз көңдөйү жана тиш органдарынын абалын комплекстүү көзөмөлдөө, мүмкүн болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү эрте аныктоо жана алдын алуу болуп саналат.
Текшерүүнүн натыйжасында ар бир окуучунун тишинин абалы боюнча медициналык корутундулар түзүлүп, жакынкы күндөрү мектептин стоматологу тарабынан ата-энелерге жеткирилет.
Иш-чара мектеп администрациясынын жана класс жетекчилеринин уюштуруучулук колдоосу менен ишке ашырылып, окуучулардын ден соолугун чыңдоого жана профилактикалык медициналык маданиятын жогорулатууга багытталат.