23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү

2025-жылдын 23-сентябрында Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде мамлекеттик тил күнүнө арналган бир катар илимий-агартуу жана маданий иш-чаралар уюштурулду. Иш-чара кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын демилгеси жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүлдү.

Негизги иш-чаралардын программасына мамлекеттик тил гимнинин жаңырышы, мектеп администрациясынын жана Свердлов РИИБдин жетекчилигинин куттуктоо сөздөрү, көркөм окуулар, “Манас” гимнин аткаруу, сахналаштырылган көрүнүштөр, музыкалык жана бий номерлери кирди. Ошондой эле иш-чарада “Кыргыз айылы” аттуу көргөзмө уюштурулуп, окуучулар менен мугалимдердин чыгармачыл номерлери сунушталды.

Мамлекеттик тил күнүнө карата 11-класстын окуучулары арасында эссе жазуу конкурсу өткөрүлүп, алдын ала көркөм окууга тандоо турлары жүргүзүлдү. Бардык иш-чаралардын уюштурулушу боюнча кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мугалимдери жооптуу болуп, мектеп-лицейдин жалпы педагогикалык жамааты активдүү катышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы ордун, улуттук маданий жана руханий баалуулук катары маанисин даңазалоо, окуучулар арасында тилге болгон урмат-сыйды жана патриоттук сезимди өрчүтүү болуп саналат.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru