“Келечек” уюмунун ант берүү аземи
Бүгүн Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде окуучулардын өз алдынча лидерлигин жана жоопкерчилигин өстүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара “Келечек” өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун жана “Манас” кошуунунун президенттеринин ант берүү аземи салтанаттуу түрдө уюштурулду.
Салтанатта мектеп-лицейдин желеги 10-к классынын окуучусу Барсбек Бейшенбеков тарабынан көтөрүлүп чыкты. Ошондой эле “Манас” кошуунунун чоролору сахнага чыгып, улуттук рухту көтөргөн чыгармаларды аткарышты.
Ант берүү аземинде “Келечек” окуучулар уюмунун президенти болуп 11-А классынын окуучусу Азизбекова Акылай, ал эми “Манас” кошуунунун премьер-министри болуп 11-З классынын окуучусу Алтынбеков Темирлан ант беришти. Мектеп парламентиндеги билим, санарип, маданият, тартип, спорт жана тазалык министрликтерин жетектей турган окуучулар да салтанаттуу түрдө тааныштырылып, мандаттары тапшырылды.
Мектеп-лицейдин директору Асанова Мелискан Биримкуловна, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Табалдиева Нурмира Төлөбаевна, ошондой эле кеңеш төрагалары куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаңы шайланган лидерлерге ишеним жана ийгилик каалашты.
Аземдин жүрүшүндө окуучулардын аткаруусунда комуз күүсү, улуттук бийлер жана патриоттук ырлар тартууланып, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чаранын соңунда “Келечек” уюмунун жана “Манас” кошуунунун жаңы мүчөлөрү кол чабуулар менен узатылып, мектеп-лицейдин туусу кайра чыгарылды.
Бул салтанат – мектеп-лицейдин окуучуларынын лидерлик сапаттарын өстүрүүгө, тартипти жана ынтымакты чыңдоого чоң салым кошо турган иш-чара катары бааланат.