«Сейтек» кошуунунун президенттеринин ант берүү аземи

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде «Келечек» өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун жана «Сейтек» кошуунунун президенттеринин ант берүү аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

Жаңы шайланган лидерлер  «Келечек» уюмунун президенти Тынчтыкбекова Назик жана «Семетей» кошунунун премьер министри Аманбекова Саида өз милдеттерине ант берип, жоопкерчиликти тастыкташты. Иш-чарада министрлер, балдар жана кыздар кеңешинин мүчөлөрү тааныштырылып, мандаттары тапшырылды.Салтанатта  улуттук бийлер жана патриоттук ырлар ырдалып, окуучуларга майрамдык маанай тартууланды. Азем Манас чоролорунун коштоосунда кол чабуулар менен аяктады.

Иш-чара окуучулардын лидерлик сапаттарын, өз алдынча башкаруу көндүмдөрүн жана өз ара ынтымактарын бекемдеп, мектептеги коомдук жашоону жандандырууга чоң салым кошот.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru