Улуу муунга арналган салтанат
Бүгүн Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Карылар күнү белгиленди. Иш-чаранын алкагында улуу муунга болгон урмат-сыйды көрсөтүү максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Мектеп жамааты ардактуу эс алуудагы педагогдорду чакырып, аларга атайын сый-урмат көрсөтүштү. Окуучулар карыларга арналган көркөм ырларды аткарып, улуу муундун эмгегине ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле жаштар өзүнүн аруу тилектерин айтышып, мугалимдердин эмгек жолу менен коомго кошкон салымын жогору баалашты.
Мектеп администрациясы белгилегендей, мындай иш-чаралардын мааниси – жаш муунга улууларды сыйлоо, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана муундар аралык байланышты чыңдоо болуп саналат.