Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Урматтуу кесиптештер, ардактуу эже-агайлар!
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жетекчилиги жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди эң кымбат жана кесиптик майрам - мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Биздин мектеп-лицейибиздин түптөлгөнүнө быйыл 100 жыл толуп жатканын терең сыймыктануу менен белгилеп кетким келет. Ушул кылымдык тарыхтын ар бир барагы сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, жаш муунга билим менен тарбия берүүдөгү чексиз аракеттериңиздер жана өз кесибиңиздерге болгон берилгениңиздер менен тыгыз байланышта.
Мугалим — коомдун жүрөгү, илим-билимдин жарыгы, ар бир ийгиликтүү адамдын жол башчысы. Сиздердин ар бир окуучуга берген билимиңиздер, акыл-насаатыңыздар, мээримиңиздер биздин мектеп-лицейдин гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн келечегин жаратып келет.
Урматтуу кесиптештер, сиздерге бекем ден соолук, чыгармачыл ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубаттуулукту жана эмгек жолуңуздарда жаңы бийиктиктерди каалайм! Жүз жылдык тарыхы бар биздин мектеп-лицейдин сыймыктуу салтын улап, дагы көптөгөн муундарды чоң жетишкендиктерге жеткирериңиздерге ишенем.
Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун!
Урматтоо менен, профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык
технологиялар мектеп-лицейинин директору Мелискан Биримкуловна