Тил — улуттук маданият, улуттук байлык, улуу мурас

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан 2025–2026-окуу жылынын 29-сентябрынан 10-октябрына чейин “Тил — улуттук маданият, улуттук байлык, улуу мурас” аттуу декада өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты — окуучулардын кыргыз тили жана адабияты боюнча билимдерин бекемдөө, көркөм чыгармаларды терең талдоо, алардын мазмундук жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн ачып берүү аркылуу окуучулардын чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Декада кыргыз тили жана адабиятын терең үйрөнүүгө, окуучулардын улуттук аң-сезимин жана руханий дүйнөсүн байытууга чоң өбөлгө түзүп, ар бир мугалимдин методикалык жаңычылдыгын, чыгармачылыгын жайылтууга түрткү берүүчү учур.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru