“Билимге умтулган жүрөк ар дайым устатка таянат” устат-шакирттердин жолугушуусу
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан “Билимге умтулган жүрөк ар дайым устатка таянат” аттуу устат-шакирттердин жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Билим берүү тармагында көп жылдык эмгеги менен жаш муунга үлгү болгон устаттардын эмгегин даңазалоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында №5 мектептин өнүгүшүнө зор салым кошкон ардактуу устаттар чакырылып, мугалимдик кесиптеги жоопкерчилик, кыйынчылыктар жана келечек муундарга керектүү сапаттар тууралуу пикир алышуу жүрдү.
Ар бир ийгилик, жетишкендик — устаттын акыл-насаатынын, багыттоосунун жана жүрөктөн чыккан кеңештеринин жыйынтыгы болуп саналат. Билим берүү системасынын өнүгүү багыттары, окутуунун жаңы технологиялары жана мугалимдик кесиптин маңызы тууралуу педагогика илимдеринин кандидаты Абдуллаева Райхан эже жаш мугалимдерге кесиптик кеңешин берди.
Катышуучулар устаттарга ар түрдүү мазмундагы суроолорду берип, мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги, анын татаалдыгы жана келечек муундун тарбиясындагы мааниси тууралуу ой-пикирлерин ортого салышты. Жолугушууда устаттардын шакирттери да активдүү катышып, мугалимдерине ыраазычылык билдирип, жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин айтышты.
Бул жолугушуу мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө, устат менен шакирттин ортосундагы руханий байланыштын бекемдигин көрсөтүүгө багытталган, тарбиялык мааниси зор маанилүү маданий иш чара.