Сандардын сыйкыры — ийгиликтин сырлары
Мектеп-лицейде математика кафедрасы «Сандардын сыйкыры — ийгиликтин сырлары» аталышындагы декаданын ачылышын 2025-жылдын 13-октябрында уюштурду. Бул иш-чара лицейдин 100 жылдык юбилейине арналып, сандар теориясынын когнитивдик ролу, интеллектуалдык өнүгүүнүн динамикасы жана билимдин аксиологиялык мааниси менен байланышкан комплекстүү программа катары даярдалган.
Ачылыш аземинде окуучулар "Сандар сүйлөйт" аталышындагы драмалык инсценировкасын презентациялашты. Бул чыгармада 1, 10 жана 100 сандарынын символикалык интерпретациясы аркылуу адамдын генетикалык өнүгүүсү, билимдин салыштырмалуу татаалдыгы жана ийгиликтин алгоритмдик сырлары чагылдырылды.
Геометриялык фигуралардын жана сандык ырааттуулуктун визуалдык кыймылдарын камтыган математикалык бийди 5-з классынын окуучулары аткарышып, "Маш ботой" күүсү иш-чаранын этномаданий көркүн ачты.
Иш-чаранын аналитикалык кульминациясы "100гө байланышкан фактылар" интеллектуалдык квизи болду. Бул форматта окуучулар логикалык ой жүгүртүү, математикалык моделдер жана предмет аралык байланыштарды камтыган, билим деңгээлин аныктоочу тесттен өтүштү.