Өз мектебине болгон урмат

Мектеп-лицейдин 100 жылдык мааракесине карата 2010-жылкы бүтүрүүчүлөр 11-"Г" жана 11-"А" класстары өздөрүнүн билим уясына болгон урмат-сыйын өзгөчө белек менен билдиришти. Бир кылымдык тарыхы бар мектепте талаптагыдай шарттарды камсыздоого салым кошуу максатында коридордогу фойелерге заманбап стилде жасалгаланган отургучтарды орнотуп беришти.
Бул отургучтар окуучулардын танапис маалында эс алып, жайдары маанайда убакыт өткөрүүсүнө шарт түзүп, мектептин ички көрүнүшүнө да өзгөчө көрк кошту. Бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси муундар байланышын, мектепке болгон ыраазычылыгын жана камкор мамилесин айгинелеген көңүл жылыткан белек болду.
Бул саамалык мектептин тарыхында мурасталып кала турган жакшы иш катары бааланып, учурдагы жана келечектеги окуучуларга да шыктануу, жакшы үлгү тартуулап турат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru