Улуттук дем: жаш туристтердин ийгилиги
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгү жолу Жарлыгынын алкагында "Жаш экологдор-туристтер" ийриминин окуучулары 2025-жылдын 29-ноябрында Ала-Арча Улуттук жаратылыш паркынын аймагына таанып-билүү экскурсиясын ийгиликтүү өткөрүп келишти.
Экскурсия маалында окуучулар Ала-Арча суусунун башатын, аймактагы мөңгүлөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн жана жаратылыштын өзгөчө көрүнүштөрүн изилдеп, байкоо жүргүзүштү. Бул сапар балдардын экологиялык маданиятын жогорулатып, жаратылышка болгон кызыгуусун кеңейтүүгө чоң шарт түздү.
Сапардын соңунда РДЮСЕКТ тарабынан уюштурулган видеороликтер конкурсу боюнча жыйынтык чыгарылып, УИТМЛдин 10-"А" классынын окуучусу Бекботоева Мадина 1-орунду багындырды.
"Жаш экологдор-туристтер ийримин" мектеп-лицейибиздин география мугалими Токтоналиева Айша Соотбековна жетектеп, окуучулар менен бирге бир нече маанилүү жана алгылыктуу иштерди тынымсыз жүргүзүп келет.
Экоагартуу жана туристтик багыттагы мындай иш-чаралар окуучулардын дүйнө таанымын өстүрүп, мекен жаратылышын аярлоого тарбиялаган баалуу аракеттерден болуп саналат.


