Жаш өспүрүмдөрдө STEM-компетенцияларды өнүктүрүүдө сүт продукцияларын изилдөөнүн ролу

Бүгүн УИТМЛдин Инновациялык-мультимедиялык тобунун мүчөсү Керимканова Апал Абдырашитовна “STEM багытында окутуу” алкагында 7-«Д» классынын окуучулары менен “Сүт продукциясын изилдөө” темасындагы изилдөө сабагын уюштурду.
Изилдөө ишинин жүрүшүндө окуучулар сүттүн химиялык курамын, органолептикалык касиеттерин жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоого багытталган лабораториялык ыкмаларды колдонушту.
Практикалык иштерде титрлөө, чөкмөлөрдү байкоо, тыгыздыкты өлчөө сыяктуу баштапкы эксперименттик методдор пайдаланылып, окуучуларда анализ жүргүзүү, гипотеза түзүү жана алынган натыйжаларды интерпретациялоо көндүмдөрү калыптандырылды.
Иш-чара STEM методологиясынын негизинде жүргүзүлүп, табигый илимдердин теориялык түшүнүктөрүн практикалык изилдөөлөр менен айкалыштырууга мүмкүндүк берди. Натыйжада окуучуларда илимий ой жүгүртүү, изилдөө жүргүзүү маданияты жана эксперименттик иш-аракеттерге болгон кызыгууларынын ойгонуусуна шарт түздү.
Изилдөө сабагы жогорку деңгээлде уюштурулуп, билим берүүнүн инновациялык багыттарын өнүктүрүүгө салым кошо алды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru