Жакшылык дүйнөнү сактайт
Орус тили жана адабияты кафедрасынын декадасынын жабылышы «Доброта спасёт мир» аталышындагы теманын алкагында өзгөчө жылуу маанайда белгиленди. Иш-чарада окуучулар адамдын инсандык маданиятын, адептүүлүгүн жана боорукерлик сезимин даңазалаган чыгармаларды, ырларды, бийлерди жана көркөм окууларды сунушташты.
Ибраимов Актан жана Жолоева Амина алып баруучу катары көрүүчүлөрдү теманын мазмунуна терең жетелеп, жакшылык — бул дүйнөнү өзгөртө алган күч экенин баса белгилешти. Иш-чарада көркөм окуулар, сахналаштырылган чакан спектаклдер жана бийлер көрсөтүлүп, залга өзгөчө жылуулук тартуулады.
Башталгыч класстын окуучулары «Жакшылык ар дайым жеңет» деген идеянын алкагында жомок менен өз таланттарын тартуулашты.
Иш-чара маданий-тарбиялык ишмердүүлүктүн интеграцияланган формасы катары окуучуларда адамдык мамиле, моралдык жоопкерчилик жана позитивдүү социалдык жүрүм-турум үлгүлөрүн калыптандырууга багытталган эффективдүү аянтча болуп кызмат кылды.




