Эл аралык тоолор күнү
Эл аралык тоолор күнүнө арналган Экология боюнча республикалык олимпиадада УИТМЛ окуучулары жогорку натыйжага ээ болушту.
2025-жылдын 9-декабрында Борбордук Азия университетинин базасында Эл аралык тоолор күнүнө арналган Экология боюнча республикалык олимпиада өткөрүлдү. Иш чаранын максаты Тоо экосистемасынын өзгөчөлүктөрүн, алардын глобалдык экологиялык туруктуулукту камсыздоодогу ролун илимий негизде изилдөө жана окуучулар арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.
Олимпиадада Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Кемелова, Борбордук Азия университетинин коомчулук менен байланыштарды өнүктүрүү боюнча директору Малик Котадиа жана башка эксперттик комиссиянын мүчөлөрү катышып, иштин объективдүүлүгүн жана сапатын камсыз кылышты.
Бул иш-чарада УИТМЛдин окуучулары Сабирова Айзирек жана Максатбеков Султан илимий-тажрыйбалык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, 1-орунга татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө тиешелүү сертификаттар, баалуу сыйлыктар жана кубок тапшырылды.
Олимпиадага география мугалими, Жаш экологдор-туристтер ийриминин жетекчиси Токтоналиева А.С. даярдаган.
Тоолор — биосферанын туруктуулугун сактоодо стратегиялык мааниге ээ болгон табигый экосистемалар. Ошондуктан тоолук аймактарды, анын ичинде мөңгүлөрдү коргоо — ар бир жаран менен адистин жалпы жоопкерчилиги.




