Улуттук адабият – маданият уңгусу

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата УИТМЛде кыргыз адабиятынын улуу мурастарын даңазалоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул күн кыргыз элинин залкар инсандары Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана уникалдуу лирик акын Алыкул Осмоновдун эскерүү күнүнө туш келет.
Иш-чаранын расмий бөлүгү алып баруучулардын адабияттын улуттук маданияттагы орду жана мааниси тууралуу айткан сөздөрү менен ачылып, андан соң 10-класстар арасында уюштурулган “Улуттук адабият – маданият уңгусу” аттуу чыгармачыл сынак расмий түрдө жарыяланды. Салтанаттуу бөлүк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин жаңырышы менен уланды.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө 10-класстын окуучулары кыргыз адабиятындагы белгилүү чыгармалардан алынган үзүндүлөрдү көркөм окуп, инсценировкалап, өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана адабиятты кабылдоо деңгээлин жогорку деңгээлде көрсөтүп беришти.
• Ж.Садыков — “Семетей” дастаны;
• К.Маликов — “Балбай” поэмасы;
• Ж.Турусбеков — “Энем” поэмасы;
• К.Баялинов — “Ажар” повести;
• Ч.Айтматов — “Саманчынын жолу” жана “Ак кеме” чыгармаларынан үзүндүлөр;
• М.Элебаев — “Кыйын кезде”;
• Ж.Бөкөнбаев — “Ажал менен Ар намыс”;
• А.Осмонов — “Женишбек” поэмасы;
• К.Маликов — “Жаныл мырза” поэмасы.
Чыгармалардан тандалган үзүндүлөрдү көркөм аткаруу маданияты, интонациянын тактыгы жана ар бир чыгарманы сахналаштыруу чеберчилиги калыстар тарабынан кылдат бааланган соң, конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды.
1-орунда — чыгарманын образын терең ачып, сахналаштырууда өзгөчө профессионалдуулук көрсөтө алган 10-а классы;
2-орунда — аткаруусунда сезимдүү интонация жана туура драматургиялык чечимдер менен айырмаланган 10-к жана 10-г класстары;
3-орунда — көркөм окуудагы табигыйлыгын жана чыгармага болгон сезимтал мамилесин көрсөтө билген 10-б классы татыктуу орундарын ээледи.
Иш-чара улуттук адабияттын бай мурасын жаңы муунга таанытууда, окуучулардын көркөм-эстетикалык табитин өстүрүүдө жана чыгармачылык потенциалын ачууда маанилүү платформа болуп саналат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru