Кыргызды ааламга тааныткан – Чыңгыз Айтматов
«Кыргызды ааламга тааныткан – Чыңгыз Айтматов» аталышындагы тарбиялык сабак 4-«Ж» классынын демилгеси менен мектеп-лицейде башталгыч класстардын окуучулары үчүн жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлү Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана руханий мурасы тууралуу окуучулардын билимин тереңдетүүгө багытталган.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар жазуучунун белгилүү чыгармаларынан тандалып алынган үзүндүлөрдү көркөм аткарышып, көркөм окууларды чеберчилик менен сунушташты. Каармандардын образдарын таасын ачып берүү менен балдар көрүүчүлөргө терең таасир калтырып, чыгармалардын мазмунун жүрөккө жеткирүүгө жетишти. Ошону менен бирге Айтматов чыгармаларында камтылган адамгерчилик, мекенчилдик, боорукерлик, адеп-ахлак сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктар кеңири чагылдырылды.
Бул тарбиялык иш-чара окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле улуттук маданиятка жана адабий мураска болгон сый-урматын бекемдөөгө чоң салым кошту. Сабак башталгыч класстын мугалими Абакирова Динаранын жетекчилиги астында жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.


