Бий өнөрүндөгү мектеп-лицейдин жетишкендиги
Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн «Новогоднее Эхо» аттуу бий конкурсуна мектеп-лицейдин 7-“А” жана 10-“Б” класстарынын окуучу кыздары катышып, жогорку жыйынтыкка жетишти. Конкурстун максаты — окуучулардын көркөм-эстетикалык табитин өнүктүрүү, хореографиялык жөндөмдөрүн аныктоо жана чыгармачылык потенциалын колдоо болуп саналат.
Бийчи кыздар хореограф Азамат кызы Аэлитанын жетекчилиги астында даярдалып, аткаруу чеберчилиги, композициянын түзүлүшү, сахналык маданияты жана көркөм образды ачып берүү деңгээли боюнча өздөрүнүн жогорку мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Конкурска катышкан 10 бий ансамблинин ичинен 2-орунга ээ болуу — окуучулардын системалуу эмгегинин жана максаттуу даярдыгынын натыйжасы болуп саналат.
Бул жетишкендик мектептеги көркөм-эстетикалык тарбия ишинин натыйжалуулугун айгинелеп, окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн арттырууга жана алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

