Көп тилдүү экодебат
Эл аралык тоолор күнүнө арналган Экодебаттын II турнирине 15 мектеп жана колледждерден 130 окуучу, 60 команда катышып, экологиялык маселелер боюнча өз билимдерин жана дебаттык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул турнирге биздин мектеп-лицейден 6 команда катышып, алардын ичинен эки команда кыргыз тилинде, эки команда орус тилинде, эки команда англис тилинде дебат өткөрүштү.
Катышуучулар экологиялык ой жүгүртүү, аргументация жүргүзүү, критикалык талдоо жана командалык иш алып баруу жөндөмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, жыйынтыгында катышкан командалардын бардыгы 2-орунга ээ болушту.
Окуучуларды дебатка даярдоо ийрим жетекчиси Токтоналиева А. С. тарабынан жүргүзүлдү.
Жеңүүчү командалардын курамы:
• «Дудо» командасы:
Асанова Мээрим 11-“А” класс
Бекботоева Мадина 10-“А” класс
• «Твинс» командасы:
Рыскелди кызы Рахат 11-“Д” класс
Гадиева Саида 11-“Д” класс
• «Матриархат» командасы:
Канатов Медер 11-“Б” класс
Рахатбек кызы Фатима 11-“Д” класс
• Англис тилиндеги дебат командасы:
Кудретбаева Адеми 8-“Ж” класс
Канатова Арууке 10-“А” класс
Сабирова Айзирек 11-“Г” класс
Өткөрүлгөн Экодебат турнири окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда, көп тилдүү коммуникациялык жана дебаттык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө, ошондой эле алардын жарандык позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон натыйжалуу билим берүүчү иш-чара болуп саналат. Мындай форматтагы иш-чаралар окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн арттырып, коомдогу актуалдуу экологиялык маселелерге активдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна шарт түзөт.



